Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Февраль, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Аза күтүүгө келгендер француз премьерин иштен кетүүгө үндөштү


Ниццадагы аза күтүү жөрөлгөсүнүн катышуучулары Франциянын премьер-министрин кызматынан кетүүгө үндөштү. Алар Франциянын премьер-министри Мануэль Вальсты ышкырыктар менен тосуп алышты.

Вальс 14-июлда терактта набыт болгондорго аза күтүү зыйнатынын катышуучуларына кошулган кезде алар премьерди кызматтан кетүүгө чакырып, ар кандай сөздөрдү айтып мазакташкан.

Өлкөнүн президенти Франсуа Олланд жана ички иштер министри Бернар Казнев да Парижде өткөн Ниццадагы өлгөндөрдү эскерүү зыйнатына катышкан.

14-июлда Франциянын курорттук Ницца шаарында жүк тарткан унаанын айдоочусу майрамдык салтанатка катышып жүргөн адамдарды тебелеп, туш тарапка ок ачкан. Бул кол салууда 84 киши өлүп, 200ү жаракат алган.

Унаанын айдоочусун француз бийликтери Францияда жашаган 31 жаштагы тунисттик Мохаммед Булел деп аташты. Ал окуя учурунда полиция тарабынан атып өлтүрүлгөн.

XS
SM
MD
LG