Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:09

Президент CASA-1000 долбоору боюнча мыйзамга кол койду


CASA-1000 долбоорунун ачылыш аземи, Тажикстан, Дүйшөмбү, 13-май, 2016-жыл.
CASA-1000 долбоорунун ачылыш аземи, Тажикстан, Дүйшөмбү, 13-май, 2016-жыл.

Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кол койгон мыйзамда CASA-1000 долбоорунун аткарылышы камтылган. Тиешелүү мыйзамдарды 16-июнда парламент кабыл алып берген. Эми аны шке ашыруу үчүн Кыргызстан Эл аралык өнүгүү бирлигинен 38,25 миллион доллар, Европа инвестициялык банкынан 70 миллион евро жана Ислам өнүгүү банкынан 50 миллион доллар насыя алат.

Кыргыз өкмөтү долбоорго республикалык бюджеттен кошумча каражат каралбай турганын, эл аралык каржы уюмдарынан алынган 233 миллион доллар гана жумшаларын айтууда. Ал жүзөгө ашса, Кыргызстан, Тажикстандан Ооганстан менен Пакистанга электр энергиясы экспорттоло баштайт. Долбоордун жалпы наркы 1,17 млрд долларга бааланган. (NT)

XS
SM
MD
LG