Линктер

дүйшөмбү, 22-январь, 2018 Бишкек убактысы 23:40

БУУ Батыш Тянь-Шань тоосун ЮНЕСКОнун Дүйнөлүк мурастар тизмесине кошту. Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстан аркылуу өткөн Батыш Тянь-Шань тоо кыркалары бул тизмеге кошулган сегиз объекттин бири. Алардын арасында Ирандагы Лут чөлү жана Кытайдын Хубэй провинциясындагы Шэнь-нун-цзя токой району бар. Тизмеге ошондой эле Канада, Мексика, Судан, Чад жана Ирактагы объектилер кошулган.

ЮНЕСКОнун кезектеги 40-сессиясы 10-17-июлда Стамбулда өттү.

XS
SM
MD
LG