Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 11:43

Түрк бийлиги өлкө түштүгүндө текшерүүлөрдү улантууда


Акын Өзтүрк.
Акын Өзтүрк.

Инжирлик аба базасында текшерүү жүрүп жатканын түрк бийлиги кабарлады. Бул базаны АКШ Түркияга танапташ Сириядагы экстремисттерге абадан сокку уруу үчүн колдонот. Буга чейин төңкөрүш жасоого аракеттенген деген шек менен Инжирлик базасынын генералы кармалган.

Өлкөдө аскер кызматындагылар менен аткаминерлерди камакка алуу уланып жатат. Бийлик 9 миңге чукул полиция кызматкерин жумуштан айдаганы, 100дөн ашык аткаминер колго түшкөнү кабарланууда. 27 генерал жана адмиралдардын соту жакынкы күндөрү Анкарада болот. Алардын арасында аскердик-аба күчтөрүнүн мурдагы командачысы Акын Өзтүрк да бар.

17-июлда Түркия президенти Режеп Тайип Эрдоган ѳлүм жазасы кайра киргизилиши мүмкүн экендигин билдирген. 2004-жылы Түркия Евробиримдикке кошулууга жигердүү аракеттене баштаганда ѳлүм жазасы алынган эле.

Ал арада Германиянын өкмөтүнүн расмий өкүлү Штеффен Зайберг эгерде өлүм жазасы киргизилсе, Түркия Евробиримдикке кабыл алынбай турганын жарыялады.

16-июлга караган түнү Түркияда айрым аскер жетекчилеринин буйругу менен мамлекеттик төңкөрүш аракети жасалып, ишке ашкан жок. Андан каза тапкандардын саны 290дон ашты. Жараат алгандар 1400дүн тегерегинде. Бийлик төңкөрүш аракетине өзүнүн каршылашы, бозгундагы диниятчы, учурда АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүленди айыптоодо. Бирок ал мындай айып негизсиз экенин айтып, төңкөрүштү бийлик атайлап уюштурган болушу мүмкүндүгүн билдирүүдө.

XS
SM
MD
LG