Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:53

Ереванда полицияны күч колдонбоого чакырган акция өтүүдө


Еревандын Эребуни аймагына аскердик күчтөр тартылып келүүдө.
Еревандын Эребуни аймагына аскердик күчтөр тартылып келүүдө.

Армениянын баш калаасы Ереванда үч күндөн бери "Негиздөөчү парламент" аталган оппозициялык топтун мүчөлөрү полициянын имаратында мыйзам сактоочуларды барымтага алып, кое бербей олтурушат. Кечээ кечинде Еревандын көчөлөрүнө бул кризисти күч колдонбой чечүүгө чакырган жарандар митингге чыгышкан.

Нааразылык акцияга чыккандар ошондой эле полициядан акыркы эки күндүн ичинде кармалган оппозиция кыймылынын мүчөлөрүн кое берүүнү талап кылышууда.

Азыркы тапта барымтага алынган тогуз полиция кызматкеринин алтоо бошотулуп, үчөө барымтада калууда. Дагы төрт полиция кызматкери чабуул учурунда жарадар болгон.

XS
SM
MD
LG