Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 00:08

Шамалда кулаган дарактан бир адам өлдү


Ысык-Көлдүн Жети-Өгүз районунда катуу шамалдан улам дарак кулап, бир аялды басып калды. Маалыматка караганда, 18-июль күнү Тамга айылында шамал болуп жаткан кезде ымыркайы менен бараткан 27 жаштагы келиндин үстүнө дарак кулаган. Бала аман, ал эми энеси кырсыктан улам каза тапкан.

Өкмөттүн Ысык-Көлдөгү ыйгарым укуктуу өкүлү Асхат Акимбаев маркумдун жакындарына көңүл айтып, материалдык колдоо болорун билдирди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG