Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 20:06

Бишкекте кант диабети менен ооруган балдардын ата-энелерине семинар уюштурулду


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

15-июлда “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмеси балдары кант диабетинен жабыркаган ата-энелерге туура багыт берүү максатында атайын окуу семинарын өткөрдү. Ага психологдор жана эндокринолог адистер катышып, кан диабеттүү баланын укугу, дарылануусу тууралуу маалыматтарды беришти.

Аталган коомдун директору Нурхан Жумабаева мурда “Азаттыкка” берген маегинде бул сыяктуу иш чараларды жылда уюштуруп келишкенин, диабетке чалдыккан наристелердин ата-энелери көп учурда маалыматтык колдоосуз каларын айтып берген эле.

Кыргызстанда кант диабетине чалдыккан кишилердин саны болжол менен 51 миң. “Диабетсиз балалык” коомдук бирикмесинин атайын адистешкен балдар бакчасы да иштеп жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG