Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:57

Роухани Эрдогандын туруктуулук орнотуу аракетин кубаттады


Иран президенти Хасан Роухани.
Иран президенти Хасан Роухани.

Ирандын президенти Хасан Роухани түрк мамлекет башчысы Режеп Тайып Эрдоган менен телефон сүйлөшүүсүндө өлкөдө туруктуулукту калыбына келтиргендигин кубаттады. ИРНА маалымат агенттиги президенттин “Түркиядагы тынчтык жана туруктуулук бүтүндөй региондогу бейпилдик менен туруктуулукту бекемдөөгө салым кошот”, деген сөздөрүн келтирет.

Роухани Тегеран 16-июлда төңкөрүш аракетин баштан кечирген кошуна өлкөдөгү окуяларга жакындан байкоо салып турганын белгиледи.

Иран лидери ал кутумду “ички жана сырткы достор менен душмандарды аныктоочу сыноо” катары сыпаттап, Иран Түркия өкмөтү жана эли менен бирге болорун кошумчалады.

ИРНА маалымдагандай, Эрдоган Роухани менен сүйлөшүүдө “кырдаал калыбына келүүдө, бирок бардыгы артта калды деп айтуу эрте”, деп айтты.

XS
SM
MD
LG