Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:14

Арменияда барымта кризиси уланууда


Унан Погосян журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.
Унан Погосян журналисттердин суроолоруна жооп берүүдө.

Еревандагы райондук полиция бөлүмүнүн жанына кошумча күчтөр жайгаштырылды. Ал жерде оппозициялык кыймылдын лидерин колдогон адамдар бир нече полицияны барымтада кармап турушат. Полиция жана атайын бөлүктүн жоокерлери имараттын айланасын курчоого алышкан. Дүйшөмбү күнү Армениянын полиция башчысынын орун басары Унан Погосян сүйлөшүүлөр уланып жатканын, барымтага алынган 9 кишинин бешөө кое берилгенин билдирди.

Ошол эле күнү атайын операция маалында кан төгүлбөшүн талап кылган адамдар нааразылык акциясын өткөрүштү.

“Негиздөөчү парламент” оппозициялык кыймылдын активисттери өздөрүнүн лидери, мыйзамсыз курал сактаганы үчүн үй камагына алынган Жирайр Сефилянды бошотууну талап кылып, 17-июлда полиция кызматкерлерин барымтага алышкан.

Санаалаштары Сефилянды саясий туткун деп эсептешет. Полиция имаратына чабуул маалында бир тартип коргоочу набыт болуп, төртөө жараланган.

XS
SM
MD
LG