Линктер

ишемби, 19-август, 2017 Бишкек убактысы 22:35

Нарындын Ат-Башы районунда 20-июлда эл аралык "Кыргыз шырдагы" фестивалы өтөт. Иш-чара Тарых жана маданият жылына карата уюштурулуп жатканын өкмөттүн Нарындагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз катчысы Айнура Дүйшөк кызы билдирди.

Фестивалда шырдак жасоонун устат - шакирт мектебинен көнүгүүлөр, "мыкты шырдак", "мурас шырдак" сыяктуу эски шырдактардын кароо-сынагы, кол өнөрчүлөрдүн жарманкеси жана улуттук тамак-аштардын көргөзмөсү уюштурулат.

Уюштуруучулардын айтуусунда, фестивалга чет өлкөдөн да коноктор келет.

Кыргыз шырдагы фестивалы Нарын облусунда ушуну менен алтынчы ирет өткөрүлөт. (MiK)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG