Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:30

БУУ Түркияны мыйзамды сактоого үндөдү


Улуттар уюмунун Адам укуктары боюнча Жогорку комиссары Түркия бийлигин төңкөрүш аракетине жооп кайтарууда мыйзамды сактоого үндөп, өлүм жазасын кайра киргизүү ыктымалдыгына байланыштуу камтамасын билдирди.

Зеид Раад ал Хусейн бүгүнкү билдирүүсүндө Түркиядагы кармоочу жайларга көз карандысыз байкоочулар жөнөтүлүп, камактагыларга адвокаттары жана жакындары менен жолугушууга мүмкүнчүлүк берилүүгө тийиш деди. Адам укуктары коопсуздуктун, күнөөлүү дегендерди тезинен жазалоо аракетинин курмандыгы болбошу керек, - деди комиссар.

Ал эми өлүм жазасын калыбына келтирүү менен Түркия адам укуктары боюнча өзүнө алган эл аралык милдеттенмелерди бузуп, жаңылыш багытта кадам таштаган болот, - деп белгиледи Хусейин.

Козголоңдон кийин Түркияда 7 жарым миңден көп киши камалды, миңдеген адам кызматтан алынды. Көбү сот, прокурор, аскерий адамдар жана жергиликтүү жетекчилер.

Батыш лидерлери жана түрк оппозициясы Анкараны күнөөлүүлөрдү жоопко тартууда сабырдуу болууга үндөшүүдө. Ишке ашпай калган төңкөрүш 200дөн көп кишинин өмүрүн кыйды.

XS
SM
MD
LG