Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:12

Украинанын чыгышында жети жоокер окко учту


Донбасстагы кырдаал курчууда
Донбасстагы кырдаал курчууда

Өткөн 24 сааттын ичинде Украинанын чыгышында жети аскер окко учуп, 14ү жарадар болду. Бул тууралуу Киевдеги брифингде президент администрациясынын өкүлү Андрей Лысенко билдирди. Армия жоготууларга кас тараптын Луганск жана Донецк облустарындагы үч районду аткылоосунан улам учураган.

Донбасстагы кырдаал курчууда. Украин чалгынчыларынын маалыматына караганда, жикчилер Яковлевка айылына аткычтар, танк бөлүктөрүн, "Град" системасын тартышты. Айыл касташкан тараптарды бөлүп турган тилкенин жанында, Киевдин көзөмөлүндөгү Авдеевка шаарчасына жакын жерде орун алган. Украин бийлиги оор курал-жаракты алып келүү Минск келишимидерин бузуу болуп эсептелээрин белгилейт.

Кечээ Донбасс боюнча үч тараптуу сүйлөшүүлөрдөгү Киевдин өкүлү телеканалдардын бирине берген маегинде убактылуу оккупацияланган аймактарда азыр орусиялык танктардын саны өтө көп деди. Евгений Марчуктун айтымында, ал заманбап танктар кармаштарга даяр.

Орусия кошуна өлкөгө аскерлерин жана курал-жаракты жөнөткөнүн танып келет.

XS
SM
MD
LG