Москва шаарынын Лефортово райондук сотко Орусиянын тергөө комитетинин кызматкерлерин камакка алуу арызы түштү. "Интерфакс" агенттиги соттун өкүлдөрүнө шилтеме берип кабарлагандай, кеп комитеттин ички коопсуздук департаментинин башчысы Михаил Максименко, орун басары Александр Ламонов жана борбор шаар боюнча бөлүмдүн жооптуу кызматкери Денис Никандров тууралуу жүрүүдө.
Федералдык коопсуздук кызматы – ФСБ тергөө комитети менен бирге айрым кызматкерлердин үйлөрүн жана кеңселерин тинтишкенин бышыктады. Алар кызматтарынан кыянат пайдаланган жана кылмыш чөйрөсүнүн өкүлдөрүнөн пара алышкан деп шектелүүдө.