Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:43

ИИМ жарым жылдык ишинин жыйынтыгын чыгарат


Бүгүн Бишкекте Ички иштер министрлиги жарым жылдык ишмердүүлүк боюнча маалымат берет. Ошондой эле кийинки жарым жылдыкта аткарыла турган иш пландар тууралуу кабарлайт.

2-июнда министрликте жетекчи алмашып, Мелис Турганбаевдин ордуна Кашкар Жунушалиев келген. Ал Ички иштер министрлигинин борбордук аппаратында жана Бишкек шаардык башкармалыгында кадрдык ротация жүргүзүлөрүн, Ош облустук башкармалык жоюларын билдирген. Милицияны реформалоону толук аягына чыгара турганын убада берген.

Тармакты реформалоо аракети соңку алты жылдан бери үчүнчү ирет көтөрүлүп жатат. Милицияга элдин нааразылыгы күч экенин президент да акыркы учурда байма-бай айта баштады. 18-июлда “Кыргызстандын укук коргоо органдарын реформалоо боюнча чаралар жөнүндө” жарлыкка кол койду. Анда укук коргоо тармагын реформалоо боюнча жумушчу топ түзүү милдети Коргоо кеңешине жүктөлгөн. Атамбаев укук коргоо органдарынын азыркы абалы коомчулуктун жана улуттук коопсуздуктун талаптарына туура келбей турганын айтып, тармактын коррупцияга батканын, бул абал жарандардын нааразылыгын күчөткөнүн сындаган болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG