Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:57

Жогорку сот: Акыйкатчынын өкүлү жабык жараяндарга катыша албайт


Бул тууралуу Жогорку соттун басма сөз кызматынын Акыйкатчы институтунун 19-июлда тараткан билдирүүсүнө кайтарган жообунда айтылат. Кечээ мекеменин расмий сайтында Бишкек шаардык соту Акыйкатчынын ишине тоскоолдук кылып жатканы жарыяланган. Жараяндардын бирине байкоо салуу үчүн барган Акыйкатчынын өкүлүнө сот жабык эшик артында өтөт деген негизде катышууга уруксат берилбегени кабарланган. Муну менен Бишкек шаардык соту мыйзамды бузганын сындаган. Сотторго бул маселе боюнча түшүндүрүү сунушу Жогорку соттун төрайымына жолдонгон.

Жогорку соттун басма сөз кызматы Бишкек шаардык сотундагы айыпталуучунун баш коргоо чарасы каралып жаткан жараянга шектүү, прокурор, тергөөчү жана адвокат катышып жатканын билдирип, мыйзамда мындай териштирүүгө көз салууга Акыйкатчы институтунун өкүлү эмес, Акыйкатчынын жеке өзү катышууга болору жазылганын билдирди. (NT)

XS
SM
MD
LG