Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:25

Аксыда мыйзамсыз курал алып жүргөн жаран кармалды


Жалал-Абад облусунун Аксы районунда мыйзамсыз курал алып жүргөн 22 жаштагы жигит кармалды.

Облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдиргендей, тартип сакчылары 19-июлда кечке жуук жүргүзгөн “Кара куурай” рейди учурунда Кербен шаарында “Хонда Стрим” автоунаасынан 25 грамм маңзат жана “Домино 308” үлгүсүндөгү тапанча чыккан. Унаа ээси Каракөл шаарынын 22 жаштагы тургуну экени аныкталды. Тергөө амалдарын Аксы райондук милициясы жүргүзүп жатат. (SE)

XS
SM
MD
LG