Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:19

Трамп президенттикке талапкер катары расмий көрсөтүлдү


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

АКШнын Республика партиясы миллиардчы Дональд Трампты расмий түрдө президенттик шайлоого талапкер деп жарыялады.

Огайо штатынын Кливленд шаарындагы делегаттардын курултайындагы добуш берүү жараяны саясий өнөктүктөгү эң кызуу учур болду. Трамп 16 атаандашын артка таштап, алдыга озду.

Ал ортодо анын соңку билдирүүлөрү дале талаш-тартыш жаратууда. Трамп мусулмандарды АКШга киргизбөө, Мексика менен чек арага тосмо куруу чакырыгы менен чыккан. Ошондой эле аялдарга акарат келтиргенин айрым республикачылар, маселен, АКШнын мурдагы президенти Жорж Буш дагы сындаган.

Трампка мурдагы мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон негизги атаандаш болушу мүмкүн. Демократиялык партия кийинки аптада Филадельфияда курултайга чогулуп, расмий талапкерин тандайт.

XS
SM
MD
LG