Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:20

Белгилүү журналист Павел Шеремет жарылуудан мүрт кетти


Павел Шеремет
Павел Шеремет

Белгилүү беларус журналисти Павел Шеремет автоунаанын жарылуусунан каза тапты. Окуя 20-июлда Киев шаарында болгонун “Свобода” радиосу кабарлады. Машинеге жардыргыч зат орнотулган деген божомолдор бар.

Шеремет иштеп жаткан “Украинская правда” гезити билдиргендей, журналист эртең менен жумушка жөнөп жаткан учурда машина жарылган. Автоунаа редакциянын жетекчиси Алена Притулага таандык. Жарылуу учурунда Притула унаада эмес болчу.

44 жаштагы Павел Шеремет Беларустан тышкары Орусиянын да белдүү медиа компанияларында эмгектенген. Акыркы жылдары Украинада жашап жаткан.

Шеремет Кыргызстанга да келип, журналисттик кесип боюнча лекцияларды окуган.

Жарылуунун чоо-жайы иликтенүүдө. (SE)

XS
SM
MD
LG