Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:07

“Узбекнаво” “Азия MIX” тобундагы Ситора Фармонованын лицензиясын токтотту


Ситора Фармонова
Ситора Фармонова

Өзбекстанда ырчыларды тескеген “Узбекнаво” мамлекеттик уюму “Азия MIX” командасындагы Ситора Фармоновага берилген лицензияны токтотту.

Ырчы жана актриса Ситора Фармонова Орусиядагы КВН сынагына“Азия MIX” тобунун курамында Өзбекстандын өкүлү катары эки жылдан бери чыгып жүрөт.

Акыркы күндөрү өзбекстандык социалдык тармак колдонуучулары актрисанын КВН сахнасындагы азилдерин талкуулашып, анын сөздөрүн өзбектерди мазактоо экенин айтып, сындап жатышат. Андан тышкары, КВНге Кыргызстандын атынан чыгып жүргөнүнө да айрым кишилер нааразы.

Бишкекте түптөлгөн “Азия MIX” тобундагы кыз-жигиттер Борбор Азиядагы мамлекеттерден куралган. Ситора Фармонова 2013-жылы Бишкекте тартылган “Жатакана” сериалында да башкы ролдордун бирин аткарган.

“Узбекнаво” тараткан билдирүүдө ырчы менен түзүлгөн келишимде көрсөтүлгөн талаптар такай бузулганы айтылат. Ал эми Ситора Фармонова алган лицензиясынын мөөнөтү аяктаганын, жаңы лицензияга арыз бергенин билдирди.

“Узбекнаво” мамлекеттик агенттигинин талабы боюнча, чет элге концерттерге катышкан ырчылар сөзсүз түрдө алдын ала жазуу түрүндө маалымат берүүгө тийиш. Буга чейин мындай талапты аткарбаган ондонгон ырчылардын лицензиясы алынган. (SE)

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG