Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Алматыда күч түзүмдөрү бүгүн эки районду курчоого алды


18-июлдагы кол салууда каза тапкан полицейлерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Алматы, 20-июль, 2016-жыл.
18-июлдагы кол салууда каза тапкан полицейлерди акыркы сапарга узатуу зыйнаты. Алматы, 20-июль, 2016-жыл.

Полиция бүгүн шаардагы “Сары-Арка” базарына жакын эл жашаган районду аз убакыт курчоого алды.

Алматынын ички иштер башкармалыгы билдиргендей, мындай чара ошол аймактан табылган шектүү баштыктан улам көрүлдү.

Бирок, текшерүү учурунда шектүү баштыктан “кадимки эле аспаптар чыкты”.

Бүгүн ошондой эле Алматынын борборунда төрт көчөнүн кесилиши курчоого алынып, полиция “атайын операция” өткөргөнүн кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, полиция 18-июлда Алматыдагы куралдуу кол салууга тиешеси бар жаран ижарага алган батирде тинтүү жүргүздү.

Ал күнү Алматыда райондук милициянын, атайын кызматтын имараттарына жасалган кол салуудан алты кишинин өмүрү кыйылды. Кол салган жаран 26 жаштагы Руслан Кулекбаев кармалды.

Президент Нурсултан Назарбаев Астанада Коопсуздук кеңешиндеги жыйында бул окуяны “ теракт” деп мүнөздөдү. (UE)

XS
SM
MD
LG