Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:03

Өзбекстан Рогун ГЭСинин курулушуна каршы кат жолдоду


Тажикстандагы Рогун ГЭСи.
Тажикстандагы Рогун ГЭСи.

Өзбекстан премьер-министри Шавкат Мирзияев тажикстандык кесиптеши Кохир Расулзодага расмий түрдө 19-июлда кат жиберип, Дүйшөмбү менен италиялык «Салими Импрежило» компаниясынын ортосундагы Рогун ГЭСи боюнча келишимге тынчсызданды. Ошондой эле ал Тажикстан Рогун ГЭСин курбай эле өлкөдөгү электр энергиясына болгон тартыштыкты жое аларын, бул маселени чечүүнүн коопсуз жолдору каралышы керектигин жазган. Техногендик, экологиялык, социалдык жана экономикалык тобокелчиликтерди эске алып, буга чейин Дүйнөлүк банк ири долбоорду каржылоодон баш тартканын эске салган.

Өзбекстан Тажикстандагы Рогун ГЭСи курулса, бүтүндөй Борбор Азия чөлкөмүнө коркунуч жаратарын билдирип келет. Тажик бийлиги Өзбекстандын катына жооп кайтара элек, бирок коркунучтар тууралуу Ташкендин позициясы менен макул эмес. Тажикстандын Тышкы иштер министрлиги Шавкат Мирзияевдин каты келсе аны президент карап чыгарын, ошондон кийин гана комментарий бериле турганын билдирди.

Расмий Дүйшөмбү менен италиялык компаниянын ГЭС куруу келишимине 1-июлда кол коюлган. Чет элдик компания ГЭСтин алгачкы эки агрегаты 2018-жылы ишке берилерин жарыялады.

XS
SM
MD
LG