Малайзиялык англис тилинен сабак берген үч мугалим жана алдыңкы үч окуучу Кыргызстанга келишти. Алар 20-26-июль күндөрү Ысык-Көлдө кыргызстандык улан-кыздарга жана мугалимдерге сабак өтүшөт.
Кыргызстандын Малайзиядагы элчилиги уюштурган бул иш-чарага Кыргызстандан 40тан ашуун окуучулар катышууда.
Буга чейин элчилик жалпыга маалымдоо каражаттары менен бирге кыргызстандык окуучулар арасында дилбаяндар сынагын уюштуруп, жеңүүчүлөр Малайзияга барып, эс алып келишкен.