Оштун Алай районундагы Бор-Дөбө айылында бүгүн 11:29да күчү 5 жарым баллга жеткен жер силкинди.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, силкинүү күчү айылдын калктуу конуш жайгашкан жеринде 5, Нура айылында 4, Сары-Ташта 3 жарым баллга жеткен. Алдын ала маалыматтар боюнча кыйроолор жана курмандыктар жок.
Аталган аймакта 20-июлда кечке жуук да жер термелип, күчү 3 жарым баллга жеткен. (SE)