Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:57

Жогорку Сот Саматовдун мандатын алууну мыйзамдуу деп тапты


Жогорку Сот Жыргалбек Саматовду Жогорку Кеңештин депутаты деген мандатынан ажыратуу боюнча Борбордук шайлоо комиссиясынын чечимин мыйзамдуу деп тапты. Бул тууралуу Боршайкомдун маалымат кызматы кабарлады.

Саматовдун мандаты 8-июлда алынган. Буга анын Орусия жарандыгы бар экени тууралуу такталган маалыматтар негиз болгону айтылган. Буга нааразы болгон Жыргалбек Саматов 15-июлда сотко кайрылган.

Жыргалбек Саматов жогорудагы себептен улам үчүнчү ирет мандатынан ажыратылды. Өзү орус жарандыгы жок экенин айтып келет.

XS
SM
MD
LG