Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Орусиялык жеңил атлетчилердин арызы четке кагылды


Иллюстративдик сүрөт
Иллюстративдик сүрөт

Спортчулар баш кеңсеси Швейцарияда жайгашкан Спорт боюнча арбитраждык сотко Рио-де-Жанейродогу жайкы Олимпиадага катышууга уруксат алуу үмүтүндө кайрылышкан. Соттун Орусия үчүн тескери чечими Эл аралык Олимпиада комитети Допингге каршы дүйнөлүк уюм - WADA'нын орус спортчуларын Олимпиададан жапырт четтетүү сунушун изилдеп жаткан учурга туш келди.

Орусиянын Олимпиада комитети менен жеңил атлетчилеринин арбитраждык сотко кайрылуусуна Жеңил атлетика боюнча эл аралык федерация - ISAAF'тын чечими түрткү берген.

Ал Орусиянын жеңил атлетчилери допинг колдонгону боюнча маалыматтарды иликтеген соң орус федерациясын өз курамынан чыгарган. Бул орус жеңил атлетчилери эл аралык мелдештерге катыша албайт дегенди билдирет.

Олимпиадага бара албай калган 68 жеңил атлетчи Эл аралык федерацияны Лозаннадагы арбитраждык сотко берген.

Рио-де-Жанейродогу Олимпиада саналуу күндөн кийин, 5-августта ачылат.

XS
SM
MD
LG