Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:30

Журналистти акыркы сапарга узатуу зыйнаты 23-июлда өтөт


Киевдин тургундары Павел Шеремет өлгөн жерге келип гүл коюшту
Киевдин тургундары Павел Шеремет өлгөн жерге келип гүл коюшту

Автоунаанын жарылуусунан каза тапкан белгилүү журналист Павел Шереметтин сөөгүн жерге берүү зыйнаты Минскте ишембиде өтөт.

Украинанын коопсуздук кызматы журналисттин өлүмүнүн алты версиясын айтышууда.

Украин УККнын кеңешчиси азырынча төрт версияны гана ачыкка чыгара аларын айтты. Божомолго ылайык, жардырууга Шереметтин кесиптик ишмердиги, "Орусиянын изи" же жеке көрө албастык себеп болушу мүмкүн. Ошондой эле автоунаа журналисттин жубайы Алена Притулага таандык болгондуктан, төртүнчү божомол - кол салуу журналисттин өзүнө эмес, анын жубайына каршы пландалган деп айтылууда.

Павел Шереметтин өлүмүн иликтөөгө Украинанын мыкты адистери тартылды. Бул ишти иликтөөгө Европолдун адистерин да тартуу керектигин өлкөнүн президенти Петро Порошенко да айтып чыккан.

XS
SM
MD
LG