Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 20:23

Балетмейстер Берик Алимбаевдин сөөгү жерге берилет


Кыргыз эл артисти, балетмейстер Берик Алимбаевди акыркы сапарга узатуу зыйнаты бүгүн саат 10до Бишкектеги Улуттук академиялык опера жана балет театрында өтөт. Анын сөөгү "Ала-Арча" көрүстөнүнө коюлат. Алимбаев 20-июлда 79 жашында дүйнө салды. Маркум “Ак куу көлү”, “Ромео жана Жульетта” сыяктуу белгилүү чыгармаларда башкы партияларды аткарган. Чет мамлекеттерде өткөн фестивалдарда кыргыз балетин даңазалаган. (NT)

XS
SM
MD
LG