Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:55

Майыптар коомуна байланышкан чырды иликтеген топ корутундусун жарыялайт


Бүгүн Бишкектеги Азиздер жана дүлөйлөр коомунун мүчөлөрүнүн жыйыны болот. Анда коомдун бир катар мүчөлөрүнүн батир чырына байланышкан доо-арызын иликтеген атайын топ өз корутундусу менен тааныштырат. Бул тууралуу КСДП фракциясынын катчылыгы маалымдады.

Азиздер жана дүлөйлөр коомунун 50дөй мүчөсү турак жайга байланыштуу жетекчиликке көптөн бери нааразылык билдирип келишкен. Алар Калык Мамбетакунов коррупцияга аралашканын айтышып, майыптарга курулган 225 батирдин 10-15 чактысы башка адамдарга жең ичинен берилип кеткенин белгилешкен.

Өткөн аптада өз каалоосу менен жумуштан кеткен Мамбетакунов болсо айтылгандарды куру доомат катары баалап, өлкө боюнча үй алууга кезек күткөн майыптардын саны 2500гө жакын экенин жана алардын баарын батир менен камсыздоого чама жетпей жатканын билдирген. Бул чырды иликтөө үчүн июндун башында Жогорку Кеңеш депутаты Дастан Бекешовдун төрагалыгы алдында атайын топ түзүлгөн болчу. (NT)

XS
SM
MD
LG