Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:30

Кубанычбек Бейшекеев Бишкектин прокурору болуп дайындалды


Башкы прокуратурадан кабарлашкандай, Кубанычбек Бейшекеев буга чейин Ысык-Көл облусунун Тоң районунун прокуратурасын жетектеген. Бейшекеев интернетке чыгып кеткен сүрөтү үчүн элдин сынына алынган Нурлан Сулайманкуловдун ордуна келди. Cулайманкулов өз каалоосу менен иштен кетүү үчүн 20-июлда арыз жазып, баш прокурор ага кол койгон.

Жардамчысына кол чатырды карматып коюп, колун артка алып турган мурдагы прокурордун сүрөтү жакында эле интернетке тарап, коомчулукта анын бай-манаптык жоругу катуу cынга кабылган (NT)

XS
SM
MD
LG