Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 20:26

Зумрад Жанабаеванын соту башталат

Зумрад Жанабаева.
Зумрад Жанабаева.

Бишкек шаардык Жол кайгуул кызматынын мурдагы жетекчиси Зумрад Жанабаеванын соту 1-августта башталат. Ишти Октябрь райондук соту териштирет.

Зумрад Жанабаеваны Октябрь райондук прокуратурасы “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген айып менен 24-мартта кармаган. Ал кол астында иштеген кызматкердин айыбын жашырууга аракет жасаган деп айыпталууда.

Октябрь райондук соту 28-мартта Жанабаеваны саламаттыгына байланыштуу үй камагына чыгарган. Аны менен бирге камакка алынган аталган мекеменин кадр бөлүмүнүн башчысы Жылдыз Түлеева да бошотулган.(NT)

XS
SM
MD
LG