Оштун Кара-Суу районуна илинген “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жазуусу бар баннерлердин айрылышын милиция териштирип жатат. Облустук Ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, көрнөк жарыялары атайын жыртылбай, шамалдан айрылган болушу да ыктымал.
Коомдо катуу талаш жараткан баннерлер алгач Бишкек шаарына илинген. Анда улуттук кийимдеги аялдардын, бети-башын жоолук менен жаап, көзүн гана ачык калтырган кыз-келиндердин, ошондой эле чүмкөнгөн зайыптардын сүрөтү жайгаштырылган.
Аны коомчулукту экиге бөлүүчү чагымчыл мүнөздө деп баалагандар да болгон. Ошол эле маалда коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктар зарыл деген пикирлер да айтылган. Президент Алмазбек Атамбаев андай баннерлерди бүт Кыргызстанга илүүнү тапшырган. (SE\ErN)