Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:09

Жер силкинүүдө жабыркагандарга Сауд Арабиядан келген жардамдар берилди


2015-жылдын 17-ноябрында Ош облусунун аймагында катталган жер силкинүүдөн жабыркаган жарандарга Сауд Арабия падышачылыгы жиберген жардамдар 18-21-июль күндөрү таратылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, төшөнчү жана электр плиталары Кара-Суу районунан 448, Алай районундагы 238, Өзгөн районунан 134, Ноокаттан 66, Кара-Кулжа районунан 37, Чоң-Алайдан 36, Араван районунан 34 үй-бүлөгө берилди.

Облус боюнча 993 үй-бүлөгө 4965 даана төшөнчү, 4965 жаздык, 4965 төшөк жана 993 электр плитасы таратылды. (SE)

XS
SM
MD
LG