Чүй облустук Ички иштер башкармалыгынын жетекчилигине Канат Жумагазиев дайындалып, бүгүн жамаатка тааныштырылды. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматы билдирди.
Ал буга чейин Ички иштер министрлигинин 10-башкы башкармалыгын башкарган.
Чүй ички иштер башкармалыгынын мурдагы жетекчиси Капар Батырканов өз арызы менен 16-июлда кызматтан кеткен. (SE)