Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:42

Нарынга кирген жол жабылды


Мөндүр аралаш катуу жаандан улам Бишкек-Нарын-Торугарт жолунун Нарынга кире бериш жери жабылып калды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдиргендей, тоолордо сел суу көбөйүп, унаа жолго таш кулаган. Мындан улам жолдун эки тарабы тең убактылуу жабылган.

Мындан тышкары Шералиев көчөсүндөгү 3-4 үйдүн короосун суу каптады. Тазалоо иштерин N16 аскерлештирилген Өрткө каршы бөлүктүн куткаруучулары жүргүзүп жатышат.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Нарын облустук башкармалыгынын жетекчиси Токтобек Шонкоев менен өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов окуя болгон жерде жүрүшөт. (MiK)

XS
SM
MD
LG