Жол 26-июлга чейин убактылуу жабуу тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин сунушу боюнча, жергиликтүү бийликтин буйругу менен жабылды. Ага ылайык Нарын шаарына кирүүчү жаңы курулган жол 26-июлга чейин жабык болуп, каттамдар эски жол аркылуу жүргүзүлөт.
ӨКМдин Нарындагы өкүлчүлүгүнөн “Азаттыкка” билдиришкендей, жолду тазалоо жана коопсуздук иштери аягына чыкпаса, жолду жабуу 26-июлдан кийин да уланышы ыктымал.
22-июлда кечке жуук мөндүр аралаш катуу жаандан улам аймактагы тоолордо сел жүрүп, Бишкек-Нарын-Торугарт жолуна таш кулаган. Учурда тазалоо иштери жүрүп жатат. (ZKo/MiK)