Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:31

Мүнхендеги кол салууну 18 жаштагы теги ирандык улан жасаган


Мүнхен
Мүнхен

Мындай маалыматты Мүнхен полициясынын башчысы Губерт Андре журналисттерге билдирди. Анын айтуусунда кол салган киши Германия менен Иран жарандыгына ээ болгон, шаарда акыркы бир нече жылдан бери жашап келе жаткан.

Анын сөөгү кыргын болгон жерден бир чакырым алыс жерден табылган. Азырынча ал өзүн өзү өлтүргөнү же полициянын колунан өлгөнү тууралуу так маалымат жок. Ошондой эле аны соода борборуна кол салууга эмне түрткөнү да белгисиз.

Жума күнү кечке маал Германиянын Мүнхен шаарындагы “Олимпия” соода борборундагы куралдуу кол салуудан он киши мерт болуп, жыйырмага жакын адам жараат алган. Алардын ичинен үчөөнүн абалы оор экенин шаар бийликтери кабарлады.

XS
SM
MD
LG