Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:04

Кытайдагы суу ташкын 78 кишинин өмүрүн алды


Бир жумадан ашуун убактан бери болуп жаткан суу ташкындан дагы 90дон ашуун киши дайынсыз жоголду. 16 миллиондон ашуун адам үй-жайын таштап, коопсуз жактарга кетүүгө аргасыз болушту деп билдирет Кытайдын бийлиги. Маалыматка ылайык, суу ташкыны 1,5 млн гектар айдоону жууп кетти, чыгаша 3 млрд доллар деп бааланууда.

Табигый кырсыктан Хэбэй жана Хэнань провинциялары көбүрөөк жабыркады. Хэбейде кеминде 36 киши өлдү, ал эми Хэнанда 15 киши өлүп, дагы сегиз адам дайынсыз жок.

Жергиликтүү полициянын маалымдашынча, Тяньмэн шаарындагы дамба жарылбаса, мынчалык көп курмандык болмок эмес. Тургундар болсо бийлик тарабынан суу коркунучу тууралуу алдын ала маалымдоо болбогонуна нааразылык билдиришүүдө.

Кытайдагы нөшөрлүү жаан июндун аягынан бери токтой элек. Быйылкы сел, суу ташкын жана көчкүлөрдөн Кытайда 200дөн ашуун киши набыт болду.

XS
SM
MD
LG