Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:16

Өкмөт: Тарых музейиндеги өрттөн экспонаттар жабыркаган жок


Мамлекеттик тарых музейи
Мамлекеттик тарых музейи

Өкмөттүн басма сөз кызматы өрт өз убагында өчүрүлдү, имарат жана экспонаттар жабыркаган жок деп билдирүүдө. Маалыматта айтылгандай, өрт учкуну жыйындар залынын жанындагы кампадан чыккан, анда баалуу буюмдар сакталган эмес.

Бир аз мурдараак ӨКМдин өрткө каршы кызматы 22-июлдагы өрттөн Мамлекеттик тарых музейинин 300 чарчы метри күйдү деп кабарлаган.

Мамлекеттик тарых музейи оңдоо иштерин жүргүзүү үчүн 25-марттан бери жабык. Музей 31-августта, Эгемендиктин 25 жылдыгына карата ачылмак.

Мамлекеттик тарых музейи 1925-жылы түзүлгөн. Ал эми азыркы имараты 1984-жылы курулган. Анда кыргыз элинин тарыхы жана маданияты тууралуу 135 миңден ашуун эстелик буюм-тайымдар бар.(ZKo)

XS
SM
MD
LG