Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:31

Ереванда барымтага алынгандардын баары бошотулду


Ереван, Армения
Ереван, Армения

“Немис толкуну” маалымдагандай, аларды кармап турган куралдуу топ имаратта “пресс-борбор” иштей баштаган соң кое беришти. Акыркы болуп барымтадан армян ички иштер министринин орун басары Вардан Егиазарян менен Еревандын полиция башчысынын орун басары Валерий Осипян бошоп чыгышты.

Бүгүн ошондой эле дагы эки киши кое берилген болчу. Булар бийлик куралдуу топтун полиция имаратында журналисттер эркин кирип-чыгуучу “пресс-борбор” болот деп убада бергенден кийин кое берилген.

17-июль күнү кечинде "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, бир нече полиция кызматкери барымтага алынган.

Андан кийин полицияны барымтага алган куралдуу топтун тарапкерлери бир нече жолу президент Серж Саргсяндын кызматтан кетүүсүн талап кылып, имараттын алдына бир нече жолу чогулушкан. Нааразылык учурунда полиция менен кагылышуулар болгон.

XS
SM
MD
LG