Ооганстандын баш калаасы Кабулда бүгүн жарылуу болуп, 61 киши каза таап, 207 адам жараат алды. Окуя хазар этникалык азчылыгынын демонстрациясы учурунда болгон. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" экстремисттик тобу өзүнө алууда. Хазарлар Түркмөнстандан Кабулга чейин кете турган 500 киловаттык электр зымын Бамиян провинциясы аркылуу өткөрүүнү талап кылып, көчөгө чыгышкан. Бийлик мындай талапка каршы болууда. Себеби миллиондогон доллардык чыгым алып келүү менен долбоор көп жылга созулуп кетиши мүмкүн дешет. (BCh)