Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:12

Чавушоглу кыргыз бийлигин "гүленчилерге" каршы чара көрүүгө чакырды


Мевлүт Чавушоглу
Мевлүт Чавушоглу

Алания шаарындагы "Демократия митингине" катышкан Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу 15-июлдагы окуялардын күнөөкөрлөрүн "ийиндерине чейин кирип, таап чыгууга" убада берди. Министр өз сөзүндө бир катар дүйнө өлкөлөрү Анкараны колдоп, "гүленчилердин" уюмдарын жаап жатканын билдирди.

Шаардык акимчиликтин расмий сайтында Чавушоглунун төмөндөгү билдирүүсү жарык көрдү: "Алгачкы кадамды Сомали мамлекети жасады. Сомали мамлекети бул уюмга байланыштуу кишилерге бир жума ичинде өлкөдөн чыгып кеткиле деп шарт койду. Мындан тышкары Түндүк Кипр Түрк Республикасы да бул уюмду террордук уюм деп расмий жарыялады. Азербайжан жана башка өлкөлөр да буга ылайык кадамдарды жасап жатышат. Кыргызстанга телефон чалып, кыргыз тышкы иштер министрине буларга болгон көз караштары өзгөрбөсө, биздин да мамилебиз өзгөрөөрүн айттым. Биз ар бир түзүлүштү артынан изилдемекчибиз. Биз убагында бул уюмдарга көп жардам бердик. Мектеп дедик, билим берүү дедик, бирок алардын пландарын билген эмеспиз" - деген Мевлүт Чавушоглу.

Түрк тышкы иштер министринин бул билдирүүсү тууралуу бир катар түрк маалымат каражаттары да жазып чыкты.

Түркиянын бийлиги өткөн жумадагы ишке ашпай калган аскердик төңкөрүштү уюштуруунун артында АКШда жашап жаткан Фетхуллах Гүлен турганын жарыялаган.

Ошондой эле анын "Хизмет" кыймылына таандык делген 1043 жеке менчик мектепти, 35 саламаттыкты сактоо мекемесин, 1229 фондду жана бирикмелерди жапкан.

75 жаштагы Гүлен өз кезегинде аскерий төңкөрүш аракетине тиешеси бар деген айыптоолорду кескин түрдө четке каккан.

Дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин "Хизмет" кыймылы каржылары айтылып келет.

Кыргызстанда иш алып барган эл аралык "Себат" билим берүү мекемеси Гүленге тиешеси бар экени айтылат. Аталган мекемеге таандык Кыргызстанда 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жааттагы уюмдар бар.

Алардын өкүлдөрү түрк бийлигинин Гүлен боюнча айткан айыптоолорун куру жалаа деп санашат. (ElB)

XS
SM
MD
LG