Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:18

Кыргызстандык окуучулар эл аралык олимпиадада жеңишке жетишти


Биология сабагы боюнча 27-эл аралык олимпиада Вьетнамдын борбору Ханой шаарында өттү. Ага дүйнөнүн 72 өлкөсүнөн 288 окуучу катышкан. Алардын ичинен Кыргызстандан барган төрт окуучу ийгиликке жетишти. Таластагы "Манас Ата-Себат" түрк лицейинин 10-классынын окуучусу Даян Мэлисов жана Токмоктогу "Баласагын-Себат" түрк лицейинин окуучусу Ислам Бекташев коло медалга ээ болушту. Ал эми Кадамжайдагы “Семетей-Себат" лицейинин 9-классынын окуучусу Байэл Саадатбек уулу менен Нарындагы М. Субакожоев атындагы "Себат" лицейинин 9-классынын окуучусу Эмир Касымалиев Ардак грамота алышты.

Кыргызстандагы “Себат” билим берүү мекемелеринин окуучулары жыл сайын эл аралык олимпиадаларда байгелүү орундарга жетишип келе жатышат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG