Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Декабрь, 2023-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:41

Импорт унга жана данга салык киргизүү сунушталууда


Кырман.
Кырман.

Сырттан кирүүчү унга жана данга 10% кошумча нарк салыгын киргизүү сунушун парламент коомдук талкууга койду. Сунуштун ээси “Республика – Ата-Журт” фракциясынын депутаты Кенжебек Бокоевдин белгилешинче, салык тууралуу мыйзамга өзгөртүү киргизүү жергиликтүү дыйкандарды, өндүрүштү колдоо менен катар салыктын арбын жыйналышына да шарт түзмөк.

Статистикалык маалыматтар боюнча, 2013-жылы Кыргызстанда 800 миң тоннадан ашыгыраак дан жыйналса, сырттан кошумча 362 миң тонна дан ташылып келген. Өлкө ЕАЭБге мүчө болуп киргенден кийин, буудай айдоо кескин азайып, ун өндүрүүчүлөрдөн түшкөн салыктын көлөмү дээрлик 1 млрд. сомго төмөндөө коркунучу турганын депутат белгилейт.

Учурда коомдук талкууда турган бул мыйзам долбоору парламент жайкы эс алуудан келгенден кийин каралат.

Кыргызстан ЕАЭБге толук кандуу мүчө болуп киргенден бери, отуздан ашуун ун өндүрүүчү ишкана ишин токтоткон. Тегирменчилер буга Казакстандан аткезчилик менен кирген ундун көбөйүшү да бир себеп экенин айтышууда.(ZKo)

XS
SM
MD
LG