Бул тууралуу өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновду кабыл алган учурда билдирди. Президенттин маалымат кызматынан кабарлашкандай, жолугушууда министр өлкөдөгү табигый кырсыктарды алдын алуу жана кесепеттерди жоюу иштеринин жүрүшү боюнча маалымат берди. Президент өлкөдөгү гидрологиялык кырдаалга тыкыр көз салып, алдын алуу иштерин күчөтүү тапшырмасын берди.
Быйыл Кыргызстанда жаз жана жай мезгилдери жаанчыл болгондуктан, табигат кырсыктары көп катталууда.(BkA)