Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:50

Кабыл алуунун үчүнчү турунда 779 студентке бюджеттик орун бөлүнөт


Бүгүн жалпы республикалык тестирлөөнун жыйынтыгы боюнча жогорку окуу жайларга кабыл алуунун үчүнчү туру башталды. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Эльвира Сариева “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, бул турдун жыйынтыгы менен 779 гранттык орунга студенттер кабыл алынат. Министрдин маалыматына караганда, жалпысынан быйылкы окуу жылында жогорку окуу жайларына кирүү үчүн сынакка 26 миңден ашуун абитуриент катышкан. Анын жыйынтыгында 1831 студент бюджеттик орунга кабыл алынды.

Быйыл Кыргызстандын орто мектептерин 52 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктады. Анын ичинен 52 бүтүрүүчү жакшы окугандыктары үчүн “Алтын тамга" сертификатын алышты. Жогорку окуу жайларына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү 110 баллдык босогодон 25 351 абитуриент өткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG