Кыргыз эл баатыры, жазуучу жана драматург Бексултан Жакиевдин жаңы жыйнагынын бет ачары 26-июлда Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада өтөт. Жазуунун китебине мурдатан белгилүү “Атанын тагдыры, “Саадак какты”, “Жүрөлүчү жүрөк оорутпай” аттуу чыгармалары менен катар “Улуу Үркүн”, “Азамат Алтай” аттуу жаңы чыгармалары кирген.
Бет ачаарга чыгармачыл жана интеллегенция өкүлдөрү, окурмандар катышат.
Кыргыз эл баатыры, драматург Бексултан Жакиев быйыл 80 жашка чыкты. (BkA)