Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:35

Орус окумуштуулар тобу илимди сактап калуу чакырыгы менен Путинге кайрылышты


Орусиянын илимдер академиясынын жаңы имараты
Орусиянын илимдер академиясынын жаңы имараты

Бүгүн “Коммерсанть” гезитинде жарыяланган ачык катка 100дөй окумуштуу кол койгон.

Алар президент Владимир Путинге багышталган катында Орусиянын илим чөйрөсүндө жүрүп жаткан реформаларды кескин сынга алышкан.

Кат ээлеринин көз карашында, акыркы үч жылдагы реформалар фундаменталдык илимге эч кандай оң жыйынтык алып келген жок.

Тескерисинче, илимдин коомдогу кадыр-баркы кетти, илимди башкаруу тармагы талкаланды, илимпоздордун эмиграциясынын жаңы толкуну пайда болду.

Орусияда өлкөнүн Илимдер академиясын реформалоо жараяны мындан үч жыл мурда башталган.

Анда окумуштуулар илимий уюмдардын Федералдык агенттиги (ФАНО) түзүлүүсүн өзгөчө сындашкан болчу.

Өткөн айда Илимдер академиясы орус өкмөтүнө илимди каржылоонун негизги булагына өкмөттү эмес бизнести айлантууну сунуш кылышкан. (UE)

XS
SM
MD
LG