Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:08

Өкмөт мамкызматкерлердин санын көбөйтүүгө мораторий жарыялады


Кыргыз өкмөтү.
Кыргыз өкмөтү.

Өкмөт мамлекеттик органдардын штаттык санын көбөйтүүгө мораторий киргизүү боюнча токтом кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Аталган токтомго ылайык, 2017-жылдын аягына чейин штаттык саны көбөйтүлбөйт жана мамлекеттик органдардын жетекчилеринин кошумча орун басарларынын кызматы киргизилбейт. Ошондой эле он эки айдан ашуун бош турган кызмат орундардын баары белгиленген тартипте кыскартылат.

Буга чейин өкмөт ыраатка келтирүү боюнча чыгымдарды кыскартуу жаатында иштер аткарыларын билдирип келген.(BkA)

XS
SM
MD
LG