Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

Украинанын чыгышында үч аскер мерт болду


Украин тарап билдиргендей, алардын эки жоокери Донецк шаарынан он чакырымдай алыстыкта Авдеевка деген жерде минемоттун огунан мерт болду. Ал эми бир аскер Донецктен 12 чакырым алыстыктагы Невельск деген кыштакта каза тапты.

Мунун алдында кечээ да украин тарап өлкөнүн чыгышында сегиз аскерин жоготконун маалымдаган эле.

Армиянын расмий өкүлү Андрей Лысенко өлкө чыгышындагы жикчилерди ок атышууну токтотуу келишиминде тыюу салынган куралдарды колдонуп жатканы үчүн айыптады.

Ал эми жикчилер тараптан өзүн-өзү жарыялаган Донецк элдик республикасынын коргоо министри украин күчтөрүн алар көзөмөлдөгөн аймактарды артиллериядан аткылап, эки жайкын тургунду мерт кылганы үчүн айыптады.

Украинанын чыгышында 2014-жылдын жазынан берки куралдуу жаңжалдан азыркыга чейин 9300дөн ашуун кишинин өмүрү кыйылды. (UE)

XS
SM
MD
LG