Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 13:07

ИМ тобу Бавариядагы жардырууну анын “жоокери” жасаганын билдирди


Анбах шаарчасынын жанкечти жардыруу жасаган бөлүгү. 25-июль, 2016-жыл.
Анбах шаарчасынын жанкечти жардыруу жасаган бөлүгү. 25-июль, 2016-жыл.

Мындай маалыматты “Ислам мамлекети” тобунун жарчысы катары саналган жана бул террористтик уюм көзөмөл жүргүзгөн аймактан иш жүргүзгөн Amaq жаңылыктар агенттиги таратты.

Германиянын өзүнөн да бүгүн Бавария жеринин ички иштер министри Йоахим Херрман жардыруу жасаган жанкечтинин "Ислам мамлекети" тобуна берилгени жазылган видео тасма анын уюлдук телефонунан табылганын маалымдаган эле.

Кечээ кечинде Бавариядагы Анбах деген шаарчада 27 жаштагы сириялык жигит музыкалык фестивал өтүп жаткан жерге жакын өзүн жардырып жиберген.

Жардыруудан он эки киши, анын ичинде үчөө оор жаракат алган.

Бавариянын полиция башчысы Йоахим Херрманндын айтымында, өзүн - өзү жардырган адам буга чейин бир нече ирет психиатриялык дарылануудан өткөн, өз жанын өзү кыйууга да аракет жасаган.

Акыркы эки жылдан бери Германияда жашаган сириялыктын бул өлкөдөн качкын макамын алуу өтүнүчү канааттандырылган эмес. Качкын макамы Болгариядан берилгендиктен ошол өлкөгө депортациялануу алдында турган.

Германияда сириялык жаран өзүн жардырды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:21 0:00

Соңку күндөрү Германияда бир нече кол салуу катталды.

Кечээ өлкөнүн түштүк - батышындагы Ройтилген деген шаарда сириялык качкын бир аялды өлтүрүп, эки кишини жарадар кылган.

22-июлда Германиянын теги боюнча ирандык жараны, 18 жаштагы жигит Мюнхенде тогуз адамды атып салды.

Ага чейин 18-июлда пакистандык 17 жаштагы качкын жигит поезде балта жана бычак менен беш жүргүнчүнү жарадар кылган. (UE)

XS
SM
MD
LG